"Жогорку Соттун "Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүүгө жатпайт" деген чечими бар. Жогорку Соттун чечимин өлкөдөгү бардык мекемелер аткарышы керек", - деди бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда депутат Алмамбет Шыкмаматов.
"Токтайым Үмөталиева доо арызы менен райондор аралык сотко Конституция боюнча кайрылган болчу. 1-2-3-инстанцияларда каралып, жыйынтыгында Жогорку Соттун чыгарган чечиминде "Баш мыйзам 2020-жылга чейин өзгөртүүгө жатпайт" деп жазылган. Бул расмий документ күчүнө кирген", - деди Шыкмаматов.
Президенттик аппараттын парламенттеги өкүлү Анарбек Исмаилов бул чечимди көрмөйүнчө жооп бере албастыгын айтты. Шыкмаматов Жогорку Кеңештин эртеңки жыйынына чечимди алып келерин билдирди.
Айта кетсек, аталган комитеттин отурумунда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 2016-жылдын 11-декабрына дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.