“Фергана” маалымат
агенттиги КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигин (МБА) сотко
берүүнү чечти. Буга Кыргызстанда аталган агенттиктин сайтына кирүү жабылгандыгы
себеп болду. Агенттик алардын сайтына кирүүнүн жабылышын мыйзамсыз деп эсептейт.
Эске салсак, жылдын башында Кыргызстандагы ири провайдерлердин бири “Кыргызтелеком”
МБАнын буйругу менен “Ферганага” кирүүнү чектеп койгон. Ал эми 2011-жылы кыргыз
парламенти аталган агенттикти провокациялык маалыматтарды жарыялап жатат деп
айыптап, чектөө киргизүү талабын көтөрүп чыккан.