Жалал-Абад шаарында "Милициянын жаш досу" аскердик кароо-сынагы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында "Милициянын жаш досу" аскердик кароо-сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынакка Жалал-Абад шаарындагы 19 мектеп катышууда. Сынактын жүрүшүнө облустун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күбө болуп жатышат. Аскердик иш-чарада окуучулар саптык жүрүшкө чыгышкан. Жеңүүчү аталган мектептин окуучулары облустук сынакка жолдомо алышмакчы.

"Иш-чаранын негизги максаты - окуучуларды кылмыштуулуктан арылтуу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүү, Ата Мекенди сүйүү, спорт менен машыгуу жана милиция менен достошуу. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында достукту бекемдөө аракети көрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан