"Күйөөсүн жиликтеген" деп айыпталган келин Айдай Субанованын иши боюнча 14-октябрь күнү соттун өкүмү чыкты. Өкүмгө ылайык, ал күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул чечимге макул эместигин жана доо арыз менен шаардык сотко кайрыла тургандыгын маркумдун иниси Шерлан Оркошев бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошев 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.