Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген мунапыс менен 79 адам эркиндикке чыкты

Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген мунапыс менен 79 адам эркиндикке чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки ай мурун "Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү мыйзамы" жарыяланган. Ал убакыт аралыгында прокуратурага 109 адамды абактан бошотуу, 1160 адамдын жаза өтөө мөөнөтүн кыскартуу, 6 кылмыш ишин токтотуу боюнча материалдар жөнөтүлгөн.

Прокуратуранын санкциясына ылайык, 79 адам абактан бошотулуп, 452 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскарган. Ал эми 5 кылмыш иши токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shapak1979
2016-10-18 17:20:10
Жакшы датага жакшы эле аминистия чыгарса болмок. Канчалар куноосу жок отурат.
+1
E.TARZAN
2016-10-20 12:13:32
Баракелде! 79 адам абактан бошотулуп, 452 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскарып 5 кылмыш иши токтотулган болсо. Ар биринин үй бүлөсүнө жакшы майрамдык болгон го, жакындары абактан бошотулуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан