Курмантай Абдиев: "Баткен облусунун эли маалыматтан артта калууда"

"Баткен облусунда кыргызча телеканалдар көрсөтпөйт". Мындай маалыматты бүгүн, 17-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Курмантай Абдиев билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, аталган облуста жалаң өзбек жана тажик телеканалдары көрсөтүлөт. “Эмне үчүн Баткен облусунун депутаттары унчукпай отурушат билбейм. Ал жактын эли маалыматтан артта калууда”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал Баткен облусу унутта калганын кошумчалап, “Таза суу” долбоорунун алкагында жергиликтүү калктын 25 пайызы гана суу менен камсыз болгонун маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан