Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абактарды картошка менен толук камсыздоо пландалууда

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абактарды картошка менен толук камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл жазында Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагындагы 30 гектар жерге картошка айдалган. Учурда түшүм толугу менен жыйналып бүттү.

Алынган түшүм сатыкка чыкпайт. Бишкектеги жана Чүй облусундагы абактарга жеткирилүүдө. Учурда дагы 50 гектар жер иштетүүгө даярдалып жатат. Ушундай жол менен абактарды азык-түлүк менен толук камсыздоо маселесин чечүү пландалууда. Ал жакта Чолпон-Атадагы жана Балыкчыдагы жатак-абактарда жазасын өтөп жаткандар иштешет. Айына 10 миң сомго чейин эмгек акы алышат”, - дейт Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jamakeev2015
2016-10-19 07:29:14
Ушул нерсени жакшы кылыптыр ким кылса дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан