Бүгүн, 18-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундар "маркумдун сөөгүн айылдын мүрзөсүнө койдурбайбыз" деп эки ирет көмүлгөн сөөктү казып чыгарып салышты. Бул тууралуу райондун имамы SUPER.KG порталына билдирди. Райондун акиминин орун басарынын айтымында, маркумдун сөөгү үчүнчү ирет жерге берилип, кайсы жайга коюлганын айтпай, сыр тутууну эп көрүштү. Жаңжалдын себеби – каза тапкан аял христиан дининин бир агымы болгон баптизм ишенимин тутканында. СССРден бөлүнүп, өз алдынча мамлекет катары дүйнөгө эшик ачкан Кыргыз өлкөсүнө жаңы заман менен ар кандай диний агымдар да кирген. Андыктан бул жаңжал бир жолку окуя эмес, мындай окуялардын кайталануусу көбөйөт деп гана күтүүгө болот. Ага карабай мындай мүнөздөгү жаңжалдардын алдын алууга УКМК да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери да таптакыр даяр эместиги анык болду.
Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Диний ишенимди жамынган чыр-чатактар дүйнө элин кандай чуу түшүрүп, кубаттуу өлкөлөрдү күл дөбөгө айлантып жатканынан баарыбыз кабардарбыз. Диний аалымдар, имамдар, муфтият калк арасында бардык жарандар сыяктуу эле диний жиктөө, жектөөнү тутандырбоого милдеттүү. Бирок мурунку муфтий Чубак Жалилов Жанар Акаев баштаган бир нече депутатка каршы мусулман коомчулугун көтөрүүгө аракет кылган окуяда эмне деген сөзгө басым жасаганы эсибизде. Ал “буларды мусулман туугандар көмүлгөн жайга койдурбайлы” деп чакырык салган. Билими жетишсиз, ак-караны жакшы ылгай албаган калың эл мындай чакырыкты Кудайдан келген буйруктай эле кабыл алат. Бийлик, УКМК Баш мыйзамды коё туруп мына ушундай жарылганы турган “миналардын” алдын алуусу керек...
Бизде жеке адамга сыйынуу, мамлекетти, мамлекеттик мекемелерди өлкө башчысынын жеке менчигиндей көрүү илдети абдан жайылып кеткенин депутат Ирина Карамушкина дагы бир ирет далилдеди. Жогорку Кеңеште улуттук коопсуздук мекемелери жана массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдар каралып жатканда депутат УКМКнын өкүлүнө суроо салды. “Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында, интернетте президентке карата сын күчөп кетти, алардын айрымдары мазактоого да өтүп кетишет. Буга кандай карайсыңар? Мындай мүнөздөгү маалыматтар өлкөнүн коопсуздугуна таасир береби?” - дейт депутат. КСДПнын өкүлү мамлекеттин коопсуздугу –Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу, мамлекеттин тынчтыгы – президенттин тынчтыгы деп түшүнөт көрүнөт. Эл өкүлүнө УКМК жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыковдун берген жообу мындан да “кызыктуу” болду. “Президент, желек жана гимн – мамлекеттин символу, андыктан аларды шылдыңдагандар жазаланышы керек”, - дейт ал. Ал эле эмес, УКМКнын ар бир өкүлү бул боюнча комплекстүү түрдө иш алып барып жатканын да билдирди. Демек, азыр УКМКнын ар бир кызматкери президентти ким жамандап жатканын аныктоо аракетинде. Бул логикадан алып карасак, Акаев президент кезинде Акаевди, Бакиев президент кезинде Бакиевди сындап, сөз менен чымчыбашыбыз керек эле. Учурда бийликте отургандар аларды көз ачырбай сындап жүргөндөрдүн катарында эмес беле? Президентти мазактаганга болбойт, бирок президент, желек, гимндей эле маанилүү Баш мыйзамды каалагандай калчай берүүгө болобу? Дегеле, УКМК интернетте ажону ким жамандап жазып жатат деп иликтей турган мекемеби? Ал мамлекеттин, улуттун коопсуздугун камсыз кылуусу керек эмеспи? Мындай сөздөрү менен УКМК жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун кебинин жөнү бар экенин да далилдеди. Эдил Байсалов президентти сындап жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн ар кандай шылтоолор менен камакка алуу аракети жүрүп жатканын айтып маалымат жыйын өткөргөн эле. Ошондо ал президентке кайрылуу жолдоп, “биз сиздин коопсуздугуңузду камсыз кылуу менен алек болгон УКМКңызга, прокуратураңызга ишенбейбиз” деген...
Паракорчулук мамлекеттик мекемелерге канчалык тамырлап кеткенин далилдеген видео, ал видеонун каармандары учурда кызуу талкууга алынууда. Алгач интернетте “Ушул сойкуларга тийишпегиле деп канча айтам, башкасын кармасаңар болбойбу?!” деп кесиптеши менен урушкан милиция кызматкери тартылган видео пайда болду. Көп өтпөй бул адам Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында иштеген Пардабай Намазбаев аттуу кызматкер экендиги аныкталды. Сойкулукту уюштурууга, учурдагы тил менен айтканда, “крыша” болгон бул кызматкердин окуясына карата жетекчилик көргөн чара күлкү келтирерлик. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлүнүн айтымында “кызматкерге катуу сөгүш берилип, №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында иштөөгө моралдык укугу жок делинип, Ленин райондук №3-шаардык милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башчылыгына которулган”. Сөгүш берип, бир кызматтан экинчи кызматка которуу менен абал өзгөрөбү?..