ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: 83 жыл мурун Абдыкерим Сыдыков НКВДнын кыйноосуна чыдабай түшүнүк кат жазууга аргасыз болгон

Мындан 83 жыл мурун узак жылдар бою уланган Абдыкерим Сыдыковду каралоо иши "өтөсүнө жетип", ага "тап душманы" деген жалган жалаа коюлуп, саясий ишмер 1933-жылдын май айында камакка алынган. Ага "контрреволюциячыл ишмер, "Социал-Туран" партиясынын өкүлү" деген күнөө коюлуп, тергөө иши 6 айга чукул уланган. НКВДнын кампасындагы адам чыдагыс абал жана тергөө ишинде колдонулган кыйноо ыкмалары ага кырдаалды аныкташ үчүн да 1933-жылдын 19-октябрында түшүнүк кат жазууга түрткү берген.

Калем менен жазылган түшүнүк катта ал үч пункт менен коюлган күнөө эч негизсиз экенин жана анын камакка алынышы көрө албастар тарабынан жасалганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан