Чыныбай Турсунбеков Жогорку Соттун жаңы имараты менен таанышты

18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Cоттун жаңы имаратына барды. Заманбап техникалар менен жабдылган сот залдарын, иш бөлмөлөрүн жана Жогорку Соттун коомдук кабылдамасын көрүп чыккан спикер "түзүлгөн шарттар акыйкат издеп сотко кайрылган жарандар үчүн кызмат кылсын" деген тилегин билдирди.

Турсунбеков өлкө жетекчилиги сот бийлигиндеги бардык реформаларды колдоого алууга даярдыгын, Жогорку Соттун акыйкаттыкты орнотуудагы жана калктын сот органдарына болгон ишенимин арттыруудагы орду чоң экенин айтып, мекемеге Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом тапшырганын билдирди ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан