БШК саясий партиялардын эрте үгүт жүргүзүүсүнө жол берилбей турганын эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-декабрда өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий партиялардын жана талапкерлердин эрте үгүт жүргүзүүсүнө жол берилбей турганын эскертти. 18-октябрда БШКнын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов менен Гүлнара Журабаева шайлоонун эрежеси тууралуу маалымат беришип, шаардык кеңешке талапкерлер шайлоого 40 күн калганга чейин, айылдык кеңешке талапкерлер 30 күн калганга чейин көрсөтүлүшү керектигин, бүгүнкү күнгө карата эки партия өзүнүн БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттатканын айтышты. Журабаеванын билдиришинче, шаарларда үгүт иштери шайлоого 1 ай калганда же 11-ноябрда, ал эми айылдык кеңештер боюнча шайлоого 20 күн калганда же 21-ноябрда башталат. Мыйзамга ылайык, партиялардын эрте үгүт кампаниясын баштоосуна тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан