Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Документти Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 22-сентябрында кабыл алган.

Мыйзам Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 614-беренесине толуктоо киргизет. Тагыраагы, экологиялык жана техникалык коопсуздукту текшерүүдө административдик укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан түшкөн акча республикалык бюджетке чегерилип, анын 25 пайызы көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлерин сыйлоо үчүн пайдаланылары белгиленүүдө.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан