Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды

Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин Балыкчы метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 18-октябрь күнү кечки саат 19:40дан 19-октябрь, саат 06:15ке чейин катуу шамал катталды. Шамалдын ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп, секундасына 28 метрге чейин жеткен. Учурда тактоо жана иликтөө иштерине Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aygir
2016-10-19 11:00:15
Бул шамал бизде ар күнү 365 күн болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан