Бүгүн, 17-апрелде Нарын шаарында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна нааразы болгон бир нече адам чакан митинг уюштурушту. Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы билдиргендей, нааразычылык акциясына 10дой гана жаран катышты. Алар колдоруна "Абактагы оорулуулардын баары чыгарылсын", "Камактагыларга жакындары кам көрсүн" деген сөздөр жазылган плакаттарды кармап турушту.