"Ата Мекен" Бакиевдин мүлктөрү, "Мегаком" боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясы Бакиевдердин жана Кадыржан Батыровдун мүлктөрү, "Мегаком" чуусу боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Сунушту парламенттин 19-октябрдагы жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып, "Ата Мекен" фракциясы чукул жыйын өткөрүп ушундай чечимге келгенин айтты. "Коомчулук бул иштерди иликтеп чыгып, жыйынтыгын ачык жарыялоону күтүп жатат. Парламенттик комиссия түзөлү, болбосо маалымат каражаттарында ар түрдүү маалыматтар айтылууда. Сунушту добушка коюңуз", - деди депутат.

Спикер Чыныбай Турсунбеков аппаратка фракциянын чечимин берүүнү өтүндү. Бүгүнкү жыйында сунуш добушка коюлмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан