Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери депутаттардын суроолоруна эки башка жооп берип жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Куралдардын мыйзамсыз сатылып кеткенине байланыштуу аскер башчылары отставкага кетиши керек болчу, бирок дагы деле иштеп жатышат. Тергөө иштерине алар тоскоол кылышат. Депутаттардын жөнөкөй суроолоруна так жооп бере албай жатат. Эртең өлкөнү кантип коргойт? Эч кандай тартип жок", - деп Өмүрбекова президенттик аппаратка тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуштады.