Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев "Референдумду ким дайындайт?" деген суроосуна төрага Чыныбай Турсунбековдон жооп ала албай койду. Депутат ага бул суроону 3 жолу берген. Турсунбеков Абдылдаевге: "Сиз экөөбүз жолугуп, муну талкуулаганбыз. Юристтер, адистер катышкан. Жооп Конституцияда жазылган", - деп күлүп жооп берип жатты. "Эгер Конституцияда жазылса, окуп бербейсизби..." - деп суранганда Турсунбеков жооп берүүдөн баш тартты. "Бир киши жүрөгүңөрдүн үшүн алып койду окшойт", - деп кайрылды спикерге Абдылдаев.
Айта кетсек, Конституцияга ылайык, референдумду Жогорку Кеңеш дайындайт.