Конституцияны өзгөртүүнү көздөгөндөр суроолорго так жооп айта албай жатышат

Бийлик сунуштап жаткан Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьердин жаңы ыйгарым укуктары 2017-жылдын декабрында күчүнө кирет. Тагыраагы, 1 жылдан кийин гана күчүнө кирет. Эмне үчүн экенин демилгечилер так түшүндүрүп бере алышпады. Парламенттин 19-октябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Эмне үчүн 1 жыл күтүшүбүз керек? Дароо күчүнө кирсе болбойбу?"- деп суроо берди эле, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: "Ага чейин азыркы Конституция менен иштеп туралы дегенбиз", - деген жооп узатты.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктары 2017-жылдын декабрында бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан