"Менин милдетим - Конституциянын өзгөртүлүшү кандай түйшүккө алып келерин элге алдын ала түшүндүрүп берүү", - деди бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Жакупова.
"Мен учурдагы Конституциянын күйөрманы эмесмин. Менимче, анда бир нече кемчиликтер бар, бирок азыр Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр өлкөдөгү кырдаалды ырбатат. Мен түшүнүп жатам, демилгечилер көпчүлүк менен тиешелүү мыйзамды кабыл алышат, бирок эртели-кеч жоопкерчиликке тартуу мезгили келет. Колубузда Конституциялык палатанын эки чечими бар. Аларга ылайык, учурдагы Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынган. Урматтуу депутаттар, силер кандай оор абалга түшкөнүңөр түшүнүктүү, бирок өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда. Менин милдетим - Конституциянын өзгөртүлүшү кандай түйшүккө алып келерин элге алдын ала түшүндүрүп берүү", - деди Жакупова.