Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мурунку талкуулардай эле парламенттин 19-октябрдагы жыйынында да Конституцияны өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айткан депутаттар көп болду. Өзгөртүүлөрдүн маңызы элге жакшы жашоо тартуулоо эмес, бийлик маселеси экенин айтышты алар. Өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөп, парламенттик өлкөнүн парламенти алсыз органга айлана турганын белгилешти.
Бул мыйзам долбооруна биринчи окууда 94 депутат "макул", 11 депутат "каршы" деп добуш берген. Долбоорду КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракцияларынын депутаттары дээрлик 100 пайыз колдошкон.