"Өкмөт фермерлерге жана кооперативдик бирикмелерге гранттык негизде айыл чарба техникалары жагынан жардам көрсөтүүгө даяр". Бул сөздү 17-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы иш сапары учурунда айтты. Фермерлер менен жолугушуу өткөргөн өкмөт башчы жеңилдетилген насыя алуу үчүн арызды көбүрөөк берүүнү белгиледи. “Бүгүнкү күндө өкмөттүн демилгеси менен 5 банкка жеңилдетилген пайыздар менен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ушул жылдын экинчи жарымында кайра иштетүүчү жеңил өнөр жай мекемелери үчүн да мындай насыялар бериле баштайт. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, пайдаланып калгыла”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.