Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Ага 88 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берди. Эми бул долбоор 3-окууда жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Айта кетсек, бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында Конституцияны өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айткан депутаттар көп болду. Өзгөртүүлөрдүн маңызы элге жакшы жашоо тартуулоо эмес, бийлик маселеси экенин айтышты алар. Өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөп, парламенттик өлкөнүн парламенти алсыз органга айлана турганын белгилешти.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын демилгеси менен чыккан. Акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” менен “Бир бол” фракциясынын лидерлери баш тартышканын билдиришкен. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан