Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталышы керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, референдум менен кабыл алынган мыйзам долбоору Борбордук шайлоо комиссиясынан жарыяланып, добуш берүү уюштурулат. "Референдум өткөндөн кийин жыйынтыгы чыгарылып, кандай текст кабыл алынгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитет. Бир текст бул комиссияда болот. Анан ошол кабыл алынган текст президентке жөнөтүлөт. Президент ага кол койгондон кийин президенттик аппаратта сакталышы керек", - деп сактоо тартибин түшүндүрдү Текебаев.
"Бүгүн президенттин адамдары "Баш мыйзамдын түп нускасы жок" деп чуу чыгарышты. Андай болсо Атамбаев өзү же ошого жол берген аппаратынын жетекчилери жооп бериши керек. Роза Исаковна президент болуп турганда мындай чууну эч ким көтөргөн эмес. Оригинал Атамбаевдин убагында жоголуп жатат. Демек, Конституцияга болгон мамилеси жөнүндө бир жыйынтык чыгарсак болот", - деди депутат.
Мындан тышкары ал 2010-жылы кабыл алынган текст эч убакта шек саналбаганын баса белгиледи. "Ал текст Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген. Текст боюнча эч кандай шек жок. Кол коюлган тарыхый документ президентте сакталышы керек", - деп билдирди Текебаев.