"Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө демилгеге адашып "макул" деп добуш берип алдым" дейт Шыкмаматов

"Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө демилгеге адашып "макул" деп добуш берип алдым", - деп бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеште аталган долбоорго добуш берилгенден кийин депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. "Мен жана Садык Шер-Нияз Конституцияны өзгөртүүгө башынан эле каршыбыз. Бул жерде техникалык ката кетип калды", - деди депутат.

Журналисттерге түшүндүргөндөй, ал буга чейин катары менен келип жаткан мыйзам долбоорлоруна "макул" деп добуш берип жаткан. "Биздин позициябыз баарына белгилүү. Регламентке ылайык, добуш берилгенден кийин позициябызды айтууга укуктуубуз", - деп айтты Шыкмаматов.

Айта кетсек, бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырган. Ага башында 90 депутат "макул", 14 депутат "каршы" деп добуш берилди деп көрсөтүлгөн. Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсүнөн кийин протокол "долбоорго 88 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берилди" деп өзгөртүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан