"2015-жылы көпчүлүк өлкөлөр санариптик телеберүү форматына өтүүнү көздөп жатышат. Кыргызстанда бул форматка өтүү үчүн 15 миллион доллар каражат талап кылынат",- деди ЖКнын 17-апрелдеги жыйынында депутат Эгемберди Эрматов. Анын айтымында, телеберүүнүн мындай ыкмасына өтүү өлкөнүн алыскы аймактары үчүн пайдалуу. Маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин токтому аркылуу өкмөткө 2015-жылга чейин Кыргызстанды санариптик телерадиоберүү форматына өткөрүү тапшырмасы берилди.