ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: 2 жыл мурун Бабанов-Ташиев тандеми түзүлгөн

Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы “Республика” жана “Ата Журт” партияларынын биргелешкен курултайы өтүп, аталган эки партия биригүү чечимин кабыл алган. Курултайда Өмүрбек Бабанов биригүү чечимине келүү оңой болбогонун, көптөгөн партиялардын жетекчилери менен жолугуп сүйлөшүп, жыйынтыгында "Ата Журт" менен биригүүнү жүрөгү менен чечкенин айткан. "Биздин "Республика-Ата Журт" партиясы өлкөдө чоң күч болушу керек", - деген. Ал эми Камчыбек Ташиев биригүүдө Өмүрбек Бабановго ишенгенин, анын мамлекетти оңдоодогу пландары ынандыра алганын билдирген.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Республика-Ата Журт" партиясы жеңишке жетишип, учурда парламентте. Шайлоого аз калганда Ташиев башка партиянын өкүлү менен мушташканы себеп болуп, тизмеден чыгарылган. Учурда депутат эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан