Аида Салянова: "Паспорттун баасын 1-сентябрдан тарта көтөрүү мыйзамсыз болушу мүмкүн"

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында депутат Аида Салянова паспорттордун баасын көтөрүү мыйзамсыз болушу мүмкүн экенин айтты.

"1-сентябрдан тарта паспорттун баасы өскөн: ички паспорт 417,5 сомго, жалпы жарандык паспорт 680,5 сомго чейин кымбаттаган. Кирешелери жогору адамдарга бул өсүш сезилбесе керек, бирок документтин баасынын кымбатташы калктын көпчүлүгүнүн капчыгына күч келтирүүдө. Бул маселе боюнча Монополияга каршы агенттикке суроо жөнөттүм эле. Жообуна ылайык, паспорттун баасынын өсүшү имараттарды оңдоого, ижарага, жабдууларды амортизациялоого байланыштуу. "Инфоком" ишканасын алсак, буга чейин бул мекеме кирешелүү болуп келген. Бирок негедир "Инфокомдон" киреше түшпөй баштаптыр. Эгер "Инфоком" кирешелүү болсо, анда паспорттордун тарифтеринин өсүшү мыйзамсыз. Ушул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, эски бааларын кайтаруу зарыл", - деди Салянова. Ошондой эле ал өкмөткө протоколдук тапшырма берүү зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан