Кыргыз өкмөтү айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берүүдө Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчө өлкөлөрдөн артта калууда. Парламенттин 20-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев айыл чарбага насыялар Казакстанда 6 пайыздан, Беларуста 5 пайыздан, Орусияда 5 пайыздан берилип жатканын айтып, ошондуктан Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөн эт, сүт азыктары чек арадан ары өтпөй жатканын айтат. "Кыргыз мамлекети аталган өлкөлөр менен атаандашууга туруштук бере албай жатат. Биздин өкмөт да айыл чарба багытына 5 пайыздан насыя берүүгө барышы керек. Акчаны издеп табышсын", - дейт депутат.
Белгилей кетсек, өлкөдө "Айыл чарба чарбасын каржылоо-4" долбооруна ылайык, дыйкандарга 10 пайыздык үстөгү менен насыялар берилет. Бул акча да дыйкандардын баарына жетпей, насыя тааныш-билиштик менен берилип жатканы айтылып келет.