Бүгүн, 17-апрелде “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу жана Кыргызстандан сыртка чыгып кетүүсү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны Жогорку Кеңеште жабык эшик артында уланууда. Жыйындан сыртка чыккан комиссиянын мүчөсү, депутат Алмазбек Баатырбеков жыйын жүрүшүндө суроолор абдан көп болуп жаткандыгын жана аталган окуя боюнча жаңы жагдайлар пайда болгондугун журналисттерге билдирди. “Бүгүнкү жыйында Батукаевди бошотуу тууралуу чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы, Нарындагы №4-СИЗО башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучуга жана прокуратура өкүлүнө тиешелүү суроолор берилип, иштин чоо-жайы такталууда. Жаңы жагдайлар ачылууда. Азырынча эч кандай жыйынтыктоочу маалымат бере албайм”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле бүгүнкү жыйын көпкө чейин созуларын кошумчалады депутат.