Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга табылган акча дыйкандардын көйгөйүн чечүүгө табылбай жатканын сындады. Депутат айыл чарба азыктарын ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөргө экспорттоо үчүн биринчи лабораторияларды куруу зарылдыгын айтат.
"Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибизге 2 жылга чукулдады. Чынында, бул биримдиктин пайдасынан зыянын көп тарттык. Азыр аймактарды араласаңар, элдин Конституция менен чатагы жок, алар өндүргөн товарларын кантип сатуу айласын таппай жатышат. Өкмөт аракет кылса, акча табылат. Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө миллиондорду жумшадык го. Оюн-зооктор элдин курсагын тойгузбайт. Дыйкандарыбыз кантип өндүргөн товарын сатып, кантип үй-бүлөсүн багууну ойлонуп жатышат. Дыйкандарга насыя бергенибиз менен, азык-түлүгүбүз чек арадан өтпөй жатса, анда куру убара", - дейт Акаев.