Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан Шавкат Мирзийоев президенттикке талапкер болуп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, талапкерди каттоо үчүн партия БШКга жалпы шайлоочулардын 1 пайыздан кем эмес шайлоочуларынын колу коюлган баракты тапшырышы керек. Жогорудагы талаптарды Мирзийоевдин партиясы жакын арада БШКга жиберет. Президенттикке ат салыша турган Мирзийоевдин талапкерлигин партиялаштары бир добуштан жактырышкан.
Талапкерлерди каттоо 30-октябрда аяктайт. БШК өлкө башчылыгына талапкер көрсөткөн 4 саясий партияны тең шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган.
Өткөн аптада Улуттук кайра жаралуу партиясы парламенттин Төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары Сарвар Отамурадовдун талапкерлигин көрсөткөн. Өзбекстандын Улуттук демократиялык партиясы Хотамжон Кетмоновдун жана "Адолат" социал-демократиялык партиясы Наримон Умаровдун талапкерлигин көрсөткөн.