Бишкектеги Улуттук китепканада 19-апрель күнү “Кыргызстандагы профсоюз: Тарых барактары. Тилектештердин сабактары” аттуу көргөзмө ачылат. Анда өлкөдө профсоюздун келип чыгышы, анын өнүгүшү, тарыхы тууралуу документтер, гезит барактары коюлмакчы. Айта кетсек, бул иш-чара өлкө башчысы жарыялаган Иштерман жылына арналып, Профсоюз федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.