Кыргыз өкмөтү Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө 260 миллион сомго урна сатып алганы жатат. Бул тууралуу 20-октябрда парламент жыйынында белгилүү болду. 2015-жылкы парламенттик шайлоого добуштарды электрондук түрдө эсептөөчү 3700 урна сатылып алынганын, эми 11-декабрда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен кошо референдум да өткөнү жаткандыктан, кошумча 2000 урна керек болууда. Жергиликтүү шайлоонун бюллетени үчүн өзүнчө, референдум бюллетенин салууга өзүнчө урна коюлмакчы.
Маалыматтарга таянсак, урналар Евросоюздун каражатына сатылып алынат. Кошумча урна сатып алууга 2016-жылдын республикалык бюджетинен акча каралбаганы, анткени бюджет кабыл алынып жатканда референдум жөнүндө маселе көтөрүлө электиги айтылды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы учурда 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Карызга алынган акчаларды үнөмдүү жана өзүн актай турган долбоорлорго пайдалануу зарылдыгы күч. Жардам катары берилген каражаттар да абдан зарыл муктаждыктарга жумшалса жакшы болмок.