"Убагында Курманбек Бакиевди жандап жүргөндөр бүгүн "Бир бол" партиясына топтолуп алышты". Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев 20-октябрда Бишкекте жаңы спорткомплексинин ачылышында айтып, эски бакиевчилер бүгүнкү бийликти курулай сындап жатканын билдирди. Бирок кимиси сындап жатканын ачыктаган жок.
Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы "Бир бол" фракциясынан жалгыз Чолпон Жакупова гана бийликти ачык сындап жатканы белгилүү. Бакиевдин тушунда кызматта турган бүгүнкү "бир болчу" Улугбек Ормонов Баш мыйзамды өзгөртүү долбооруна парламентте каршы добуш берүүдө. Эки окууда тең каршы добуш берди. Калгандары бийликке олуттуу каяша сүйлөй элек. Демек, президент аталган эки депутатка карата "таарынычын" жалпы партияга жолдоду деп түшүнсө болот.