18-апрелде республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн 0...+5°C
Талас облусунда күндүз +5...+10°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +10...+15°C, түнкүсүн +2...+7°C
Баткен облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн +1...+6°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +4...+9°C, түнкүсүн 0...+5°C
Нарын облусунда күндүз +6...+11°C, түнкүсүн 0...-2°C
Бишкек шаарында күндүз +9...+11°C, түнкүсүн +3...+5°C
Борбор калаада жаан жаашы күтүлөт.