АКШнын 31-президенти Герберт Гувер 90 жашында Нью-Йоркто көз жумган.
Герберт Гувер 1874-жылы 10-августта Айова штатында квакердин (диний кыймыл) үй-бүлөсүндө туулган. Түпкүлүгү немис улутунан болгон Герберт Гувердин өзүнүн фамилиясы Хюбер эле. Гувердин атасы темир уста, айыл чарба техникаларын саткан соодагер болгон. 1880-жылы Герберт 6 жашка чыкканда атасы көз жумган. 4 жылдан кийин, башкача айтканда, 1884-жылы Герберт 10 жашка чыкканда апасынан да айрылып, томолой жетим калат. 11 жашынан тарта Орегон штатына Жон Минторн аттуу таякесинин үйүнө келип жашап калат. 1891-жылы жаңы эле негизделген Стэнфорд университетине тапшырып, геология тармагында окуйт. Окуу жайды 1895-жылы аяктаган.
Герберт Гувер Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн коомдук жана саясий иштерге катышып, көптөгөн адамдарды кооптуу жайлардан тынч аймактарга жана мекендерине көчүрүүгө салымын кошкон. Ал АКШнын 31-президенти катары 1929-жылдан 1933-жылга чейин тактыда отурган.
20-октябрга карата жылнаама.