Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрда Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 119-120-чакырымдарынын аралыгында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлдү. Ага №9-Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер, 2 Хово, 2 МАЗ жана 15 жумушчу күчү тартылды. "Бүгүн, 21-октябрда саат 07:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунан чоң жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды", - деп айтылат маалыматта.