ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаевдин маалыматы боюнча, өткөн суткада Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 тилсиз жоо орун алган. Кырсыктын кесепетинен Ысык-Ата районунда 1 адам көз жумду. Ошондой эле өткөн суткада Ош облусунун Ноокат районундагы Тажик-Кыштак айылында жергиликтүү тургундун үйү менен унаасы күйүп кетти. Иликтөөлөргө караганда, тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.