"Ата Мекен" эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Асия Сасыкбаеваны көрсөтөт

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Асия Сасыкбаеваны көрсөтөт. Муну 21-октябрда фракциядан билдиришти. Фракция аталган талапкерди коалициялык келишимдин шартына ылайык сунуштайт.

Асия Сасыкбаева 1951-жылы 18-декабрда Нарын облусунда туулган. 1991-1994-жылдары Бишкектеги №47-мектептин директору болуп иштесе, 1999-2003-жылдары
"Сорос-Кыргызстан" фондунун Директорлор кеңешинин мүчөсү, директору кызматтарында иштеген. 2010-жылга чейин "Интербилим" Эл аралык борборунун жетекчиси. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. 2010-2015-жылдары 5-чакырылыштагы парламенттин депутаты, вице-спикерлик кызматты аркалаган.

Айта кетсек, аталган министрликти "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2013-жылдан бери Кудайберген Базарбаев жетектеп келген. Жакында отставкага кетүүгө арыз жазып, аны кызматтан бошотуу жарлыгына президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан