Германиялык Эл аралык кызматташтык коому Экономика министрлигине кеңсе жабдыктарын тапшырат

Бүгүн, 18-апрелде Германиялык Эл аралык кызматташтык коомунун Экономика министрлигине атайын кеңсе жабдыктарын тапшыруусу болот. Иш-чарага Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов жана “КРнын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү” программасынын жетекчиси Франк Эбингер катышмакчы. Аталган коом бир нече жылдан бери КРнын Экономика министрлиги менен ийгиликтүү кызматташып келет. Биргелешкен ишмердүүлүктүн жаңы баскычынын негизинде макроэкономикага анализ жүргүзүүнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, аталган министрликтин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча иш алып баруу пландалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан