Сентябрь айында электр энергиясы үчүн калктан 392 миллион 500 миң сом чогултулду

Сентябрь айында электр энергиясы үчүн калктан 392 миллион 500 миң сом чогултулду. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.

"Быйылкы жылдын сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына саатына 292 миллион 300 миң киловатт электр энергиясы келип түштү. Өткөн айга болгон товардык продукциясы 361 миллион 400 миң сомду түзүп, анын 392 миллион 500 миң сому же 108,6 пайызы чогултулду", - деп айтылат маалыматта.

Бул айдагы көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 107,3 пайызга аткарылганы, сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиясынын жалпы жоготуулары 7,88 пайызды түзгөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан