Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетика тармагын жетектегендердин ишине ыраазы эмес. Өкмөт жетекчиси 21-октябрда кол койгон буйрукка ылайык, өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашевге берилген тапшырманы аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевге тартиптик жоопкерчилик кароо тапшырмасы берилди. Маалыматты өкмөттүк аппарат кабарлады.