Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы президенттин жарлыгы менен Игорь Чудиновдун ордуна Данияр Үсөнов өкмөт башчы болуп дайындалган. Андан соң министрлер кабинети жаңыланган. Биринчи вице-премьерликтен Өмүрбек Бабанов "оодарылып", анын ордуна Акылбек Жапаров келген.
Вице-премьерлик эки орунду Тажикан Калимбетова менен Аалы Карашев ээлешкен. Андан сырткары айрым министрлер ордуларында калышса, айрымдары жаңыланган.
2010-жылкы Апрель окуясынан кийин Үсөнов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келе элек. 2014-жылы Бишкек гарнизондук сотунда аны качкын президент Курманбек Бакиев, анын бир тууганы Жаныш Бакиев сыяктуу өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.