ЖЫЛНААМА, 21-октябрь: 1993-жылы аскердик төңкөрүш учурунда Бурунди мамлекетинин биринчи президенти Мельхиор Ндадайе өлтүрүлгөн

1993-жылдагы көтөрүлүш жарандык согушка айланып, 1996-жылга чейин уланган. Согушта 100 миң адам курман болгон. Демократиялык жол менен шайланган президент Мельхиор Ндадайе хуту элинен болгон. Аны тутси элинин аскерлери өлтүрүшкөн.

Мельхиор Ндадайе 1953-жылы 28-мартта туулган. 1976-жылдан 1979-жылга чейин Бурунди мамлекетиндеги куугунтукталган студенттик кыймылдын башчысы, 1979-жылы Жумушчу партиясын түзүүчүлөрдүн бири болгон. 1993-жылы 10-июлда Мельхиор Ндадайе президенттик кызматка отурган. Ал бийликке келгенден тарта Бурунди мамлекетиндеги хуту жана тутси элдеринин ортосундагы каршылыктарды жөнгө салууга аракет кылган. Жыл сайын 21-октябрда Бурундиде Мельхиор Ндадайени эскерүү күнү белгиленип турат.

Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Бурунди мамлекети Африканын чыгышында жайгашкан. Аянты 27 830 чарчы чакырымды түзөт. 1962-жылдын 1-июлунда мамлекет катары түптөлгөн.

21-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан