Өкмөттүн, ЖКнын жыйындарын интернетке жайгаштырууну депутаттар сунуштоодо

“Депутаттардын жыйындарын интернетке толугу менен жайгаштыруу керек”. Мындай пикирин бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, эгерде ушул иш аткарыла турган болсо, депутаттар менен журналисттердин ортосунда талаш болбойт эле. “Жыйындарды интернетке жайгаштыруу жана телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүү бардык чет мамлекеттерде колдонулат. Бул сунуш боюнча мен өкмөткө да кат жолдогом, бирок алар грант издеп жаткандыгын айтышты. Биз ушул сыяктуу кичинекей иштерди жасоо үчүн каражат издеп жүрө беребизби? Ошондой эле соттук процесстерди да элге ачык көрсөтүү керек, ошондо гана коррупцияга кичине бөгөт коюлат”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан