Советтер Союзунун акыркы жылдары өлкөнүн башкаруучу жана багыттоочу күчү деп эсептелген коммунисттер консерватор жана реформатордук эки канатка бөлүнүшкөн. Партия жетекчилиги оор экономикалык абалды эле эмес, коомдук тартип багытын да көзөмөлгө ала албай калган. "Горбачёвдук айкындык" айдыңында уюштурулган Кыргызстан демократиялык кыймылы 1990-жылдын 22-октябрында башталган Жогорку Кеңештин 11-сессиясын утурлай саясий ачкачылык жарыялаган. Аны баштагандар "москвачыл" компартия жетекчиси Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Мындан тышкары алар өлкөдө президенттик башкаруу киргизилип, көп партиялуу системдин орношун, Ош окуяларына саясий баа берилишин талап кылышкан.