Максатбек Эсеналиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 21-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган мекемени коомчулук мамлекеттик кызматкерлердин мүлктөрү тууралуу декларациялары боюнча гана билет. Жакында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибрамовго байланыштуу чуу чыкканда аталган мекеменин сайтына мэрдин жылдык кирешеси жөнүндө декларациясы жайгаштырылбаган болуп чыкты. Муну мекеме "жайгаштырууга кезек жете элек болчу" деп түшүндүрүүгө аракет кылды.