Депутат Элмира Жумалиева кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу керектигин бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында учурда 4 китеп дүкөнү бар, анын бирөө гана кыргыз тилиндеги китептерди сатат. “Манас” эпосу кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болуп саналат. Мурда Саякбай Каралаев "Манас" айтканда эл муюп укчу эле, азыр аны укмак тургай балдарыбыз китеп окубай калды”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кыргыз тилиндеги китептерди чыгаруу тапшырмасын берүү керектигин айтты.