ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: 13 жыл мурун Орусиянын Канттагы аскердик базасы ачылган

Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине бир күндүк иш сапары менен келген. Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Аскар Акаев менен Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген "Кант" аба майданынын ачылыш салтанатына катышкан. Салтанат соңунда эки президент аскердик базанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен.

Ушул эле күнү Акаев менен Путин Бишкекте өткөн
“Кыргызстан-Орусия” инвестициялык форумуна катышкан. Форумдун алкагында жалпысынан 14 миллион долларга барабар эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан