Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-октябрда Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегия төрагасы Тигран Саргсян менен жолугушту. Өкмөт башчы ЕАЭБ өлкөлөрүндө ички чектөөлөрсүз жалпы рынокту түзүү маанилүүлүгүн билдирип, интеграциялык биримдиктин туруктуулугуна тышкы факторлордун, анын ичинде дүйнөлүк каржы рыногунун туруксуздугу таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл боюнча маселени биргеликте чечүү зарылдыгын айтканын кабарлашты өкмөттүк аппараттан.
Саргсян белгилегендей, бул комиссиянын иши ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн потенциалдуу тобокелчиликтерди табуу жана алдын алууга багытталган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин курамына киргенине 1 жылдан ашканы менен, өлкөнүн айыл чарба азыктары экспортко тийиштүү деңгээлде чыгарылбай келет. Казакстан чек арасынан өткөрбөй жатат.